Маданият
«Манас» үчилтиги дунган тилинде жарык көрдү

Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон “Манас” эпосу жаңы тилде жаңырып, окурмандарга тартуулана турганын Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуу үчилтик — «Манас», «Семетей», «Сейтек» — дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.
Бул маанилүү маданий окуяга байланыштуу Кыргыз улуттук «Манас» театры 20-апрелде салтанаттуу бет ачар аземин өткөрөт.
«Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, ошондой эле элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө. Бет ачарда китеп тууралуу кеңири маалымат берилип, коноктор үчүн маданий программа да сунушталат»,- деп айтылат билдирүүдө.



