УКМК: Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын болду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК ушул жылдын 27-октябрында Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук-саясий туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жыйын өттү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышуучуларга шайлоо мыйзамдарынын негизги жоболору жөнүндө маалымат берип, шайлоо процессин бузгандыгы үчүн, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу жана үгүт иштерине кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин түшүндүрүштү.

Ошондой эле, алар коомдук жайларда коопсуздук чараларын күчөтүүнүн жана шайлоо мезгилинде ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттер болсо, ал жөнүндө кабарлоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бул багытта жергиликтүү деңгээлде тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.



