Молдова КМШ курамынан чыгарын расмий түрдө жарыялады

Молдова расмий түрдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги курамынан чыгарын жарыялап, бир жылдан кийин бул уюмдун мүчөсү болбой калат. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Михай Попшой билдирди.
Анын айтымында, бул 2027-жылдын 8-апрелинде ишке ашат. Анткени уюмдун Минск шаарындагы катчылыгына жөнөтүлгөн билдирүүдөн тарта 12 айлык мөөнөт ошол күнү аяктайт.
«Биз бул билдирүү кабыл алынганын тастыктадык. Ошентип, эл аралык укуктун нормаларына ылайык, 12 ай өткөндөн кийин, башкача айтканда 8-апрелде, биз юридикалык жактан СНГ курамында болбой калабыз», — деди министр.
Ал кошумчалагандай, акыркы жылдары Молдова өз кызыкчылыктарына туура келбегендиктен, КМШнын саясий, коомдук жана маданий иш-чараларына катышпай келген.
Ошол эле учурда, Молдова КМШ алкагында түзүлгөн айрым экономикалык келишимдерге катышуусун улантат. Мисал катары ал Грузия өлкөсүнүн тажрыйбасын келтирди.
«Бул жагынан Грузиянын тажрыйбасы үлгү боло алат. Алар негизги келишимдерди жокко чыгарып, бирок айрым экономикалык келишимдерге катышуусун сактап калышкан. Биз да ушундай жол менен барабыз», — деди Попшой.
Ошол эле учурда, РИА Новости агенттигинин булагы бул билдирүү Кишинёвдун өз баасы экенин белгиледи.
«Чынында алар бардык шарттарды шериктештиктин аткаруу комитети менен талкуулашат. Анын ичинде топтолгон карыздын көлөмү жана уюмдан чыккандан кийин кайсы келишимдерде калаары каралат», — деди агенттиктин маектеши.
Акыркы төрт жыл ичинде Молдова КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдик жыйындарына катышкан эмес, анда ал байкоочу макамына ээ. 2025-жылдын аягына чейин Кишинёв шериктештик алкагында кол коюлган 255 документтин 67син жокко чыгарган.
Өлкөнүн азыркы бийлиги экспортту батыш базарларына багыттоону чечкен. Ошондуктан президент Майя Санду белгилегендей, республика өзүнүн мыйзамдык базасын европалык стандарттарга ылайык келтирип жатат.



