УКМК: Трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердигинин жаңы эпизоддору аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мурда козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма акча белгилерин даярдоо жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча фактылар аныкталды.
Тактап айтканда, мурда кармалган жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында мобилдик телефондорду сатып алуу үчүн жогорку сапаттагы жасалма акча каражаттарын колдонуп, андан соң аларды Ош шаарында, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын аймагында сатышкандыгы аныкталган. Ошентип, жасалма акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана накталай акчага айландыруу ишке ашырылган.

Мындан тышкары, жасалма акча белгилерин чыныгы акча каражаттарына төмөндөтүлгөн курс менен 1ге 2 жана 1ге 3 катышында алмаштыруу фактылары аныкталган, бул жасалма валютаны сатуу жана конвертациялоо боюнча туруктуу каналдардын бар экендигин көрсөтөт.

Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалган адамдардын көрсөтүлгөн кылмыштуу схемага тиешеси бар экенин тастыктаган кошумча далилдер алынган.


КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. Кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн, ошондой эле жасалма акча каражаттарын даярдоо, жеткирүү жана таратуу каналдарын аныктоого багытталган зарыл ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жасалма акча жасоочулардын аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо Кыргыз Республикасынын УКМКсынын дарегине кайрылууга чакырабыз.



