Коом

17-апрелге карата аба ырайы

Жума күнү республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Талас жергесинде +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көлдө +11…+16, Нарын өрөөнүндө +10…+15 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12…+14, Ошто +16…+18 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button