Дүйнө

Индонезияда тик учак кулап сегиз адам каза болду

Airbus H130 тик учагы Индонезиянын Батыш Калимантан провинциясында кулап, борттогу сегиз адамдын баары каза болду. Бул тууралуу Reuters жергиликтүү бийликке таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, тик учакта алты жүргүнчү жана эки экипаж мүчөсү болгон. Индонезиянын куткаруу агенттигинин башчысы Мохаммад Сяфи билдиргендей, тик учак 16-апрелде эртең менен Мелави аймагындагы плантациядан учуп чыккандан беш мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон.

Кийинчерээк куткаруучулар байланышы үзүлгөн жерден болжол менен 3 чакырым алыстыкта тик учактын сыныктарын, анын ичинде куйрук бөлүгүн табышкан. Кырсык болгон жер токойлуу жана тоолуу аймакта жайгашкан.

Жергиликтүү куткаруу кызматтары борттогу сегиз адамдын тең каза болгонун тастыктады.
Кырсыктын себептери учурда иликтенип жатат.

Буга чейин AFP агенттиги Matthew Air Nusantara компаниясына таандык тик учак ички каттамды аткарып жатып радардан жоголгонун кабарлаган. Байланыш учуп чыккандан көп өтпөй үзүлгөн. Издөө иштерине болжол менен 20 куткаруучу тартылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button