Саясат
Чынгыз Эсенгул уулу маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Чынгыз Эсенгул уулу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Жаңы дайындалган министрдин орун басарын эмгек жамаатка Кыргыз Республикасынын арезидентинин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов тааныштырды.



