Дүйнө

Түркия 15 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салды

Түркиянын парламенти 15 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Ошондой эле санарип платформаларга, анын ичинде оюн программаларын иштеп чыккан компанияларга жаңы эрежелер киргизилди, деп Reuters билдирет.

Мыйзамга ылайык, платформалар колдонуучулардын жашын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Ал эми оюн платформалары оюндарды жаш курактык категориялар боюнча бөлүшү керек.

Мындан тышкары, көп колдонуучусу бар ресурстар Түркияда өз өкүлүн дайындоого тийиш.

Эске салсак, Австралия социалдык тармактарга балдардын кирүүсүнө тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button