Коом
Бишкекте фонтандар сезону ачылат

29-апрелде Бишкек шаарынын күнүндө фонтандар сезону расмий ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы фонтан комплекстерин ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө. Бул техникалык жабдууларды текшерүү, фонтан идиштерин тазалоо жана системаларды суу менен толтуруу.
Эки күндөн кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору төмөнкү фонтандык комплекстерге кайрадан суктанышат:
Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
Ататүрк паркындагы фонтан;
«Революциянын күрөшчүлөрү» фонтаны;
Токтогул көчөсүндөгү фонтан.



