Саясат
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Өчпөс отко гүл коюшту

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи өттү.
Иш-чарага ШКУга мүчө тогуз өлкөнүн коргоо министрлери, ошондой эле Ирандын коргоо министринин орун басары катышты.
Белгилей кетсек, кеңешме бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.



