Маданият

Бишкекте Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына карата акындардын эл аралык айтышы өтөт

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына карата акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, таймашка кыргыз жана казак акындары катышат. Сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Айтыш үч этап менен өтөт: тандоо туру, республикалык жана эл аралык этап.

Тандоо туру 2-май күнү саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген акындар катышат. Жыйынтыгында 12 мыкты катышуучу кийинки турга өтөт.

Республикалык этап 11-май күнү саат 17:00дө ошол эле жайда өтөт. Анын жыйынтыгында беш финалист аныкталып, алар Кыргызстанды эл аралык деңгээлде көрсөтүшөт.

Акыркы эл аралык финалдык тур 16-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Анда Кыргызстан менен Казакстандан бештен акын катышат.

Белгиленгендей, иш-чара салттуу импровизациялык өнөрдү жайылтууга жана эки элдин маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button