Ташиевге, Зулушевге, Тургунбек уулуна төңкөрүш жасоо аракети боюнча айып тагылды

Үч мурдагы жогорку кызматтагы чиновникке — УКМКнын нын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, мурдагы депутат Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна (Нурланбек Шакиевге) — расмий айып тагылды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Анын айтымында, үчөөнө тең буга чейин бул иштин башка катышуучуларына колдонулган айып беренелери жарыяланган.
Сөз массалык башаламандыкты уюштуруу жана тергөө тарабынан мамлекеттик төңкөрүш аракети катары бааланган оор беренелер тууралуу болууда.
Күч түзүмдөрүндөгү булактардын маалыматына ылайык, шектүүлөр Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында суракка алынган. Сурактар бир нече саатка созулуп, андан кийин алар мекеменин имаратынан чыгып кетишкен.
Расмий түрдө коюлган айыптардын деталдары жана тергөөнүн жүрүшү ачыкталган жок. Булактардын маалыматына караганда, иликтөө «75 кат» деп аталган ишке байланыштуу.
Эске салсак, февраль айында 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.



