УКМК: Араван районунун айыл өкмөт башчысынын иши боюнча “Кадастр” мекемесинин эки кызматкери кармалды — ФОТО

КР УКМК тарабынан Араван районунун кызматтык жана жооптуу мамлекеттик мекемелерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул иш боюнча, 2023-жылдын 17-майында Тепе-Коргон а/о башчысы М.М.А. кармалды. Экспертизанын баасында мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 миллион сомду түзөрү аныкталган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 5-июнунда Араван филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери И.А.Х. жана Ж.П.Ю. кармалып жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.





