Коом
Жалал-Абад облусунда селден улам “Айгай” жарыяланды

Кечээ, 23-июлда ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук ӨК бөлүмдөрүнүн өздүк курамына “Айгай” жарыяланды.
Алдын ала маалымат боюнча Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлогөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.
Жол каттам ачык.
Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары Арстан-Бап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдулнасир Закиров жөнөп кетти.



