УКМК: Ош облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду

Ош облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында «Гашиш» баңги каражатын жана «Тропикамид» күчтүү таасир этүүчү затын сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу тармактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


2026-жылдын 12-майында 1964-жылы туулган К.М.М. жана1993-жылы туулган К.Б.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары Ош шаарында баңги каражаттарын сатып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган К.М.М. жана К.Б.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.






