Түп районунун милициясына жаңы жетекчи дайындалды

Түп райондук Ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жаңы жетекчини, милициянын подполковниги Канатбеков Тилек Канатбековичти, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары А. Аджигулов расмий тааныштырып кетти.
Милициянын подполковниги Т.Канатбеков ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйбасы бар жана өзүн кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары көрсөткөн. Ички иштер органдарында кызматын 2004-жылдан баштап, милициянын аймактык тескөөчүсүнөн тартып, аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматтарынын башчысына чейинки жолду басып өткөн. Балыкчы шаарынын, Тоң жана Түп райондорунун Ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басары кызматтарын аркалаган.

Тааныштыруу учурунда А.Аджигулов жаңы жетекчинин жогорку кесиптик жана жеке сапаттарын белгилеп, жүктөлгөн милдеттерди аткара аларына ишенимин билдирип, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Райондук милициянын жаңы башчысы өз сөзүндө министрликтин жетекчилигине ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, анын ишиндеги негизги артыкчылык — жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо, ошондой эле Түп районунда коопсуздукту жана укук тартибин жогорку деңгээлде сактоо болорун баса белгиледи.



