Мэр Айбек Жунушалиев самокаттар боюнча айтылган нааразычылыктарга жооп берди

Бишкек шаарынын тургундары электросамокаттарга байланыштуу нааразычылыгын билдирүүнү улантууда.
Мэр Айбек Жунушалиев менен болгон жолугушууда шаар тургундарынын бири самокат сервистери бир-эки адамдын бизнеси болуп, ал эми анын ыңгайсыздыгы менен коркунучун көпчүлүк адамдар тартып жатканын айткан.
Мэр бул пикирге жарым-жартылай макул экенин билдирип, жеке мобилдүүлүк каражаттары жолдордогу жүктү азайтып, автоунаа тыгындарын белгилүү деңгээлде чечүүгө жардам берип жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда ал коопсуздук маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул электросамокаттар үчүн толук кандуу инфраструктуранын жоктугу менен байланыштуу.
Жунушалиев учурда электросамокаттарды жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын коопсуз пайдалануу боюнча жаңы эрежелер иштелип чыгып жатканын кошумчалады. Бул жөө жүргүнчүлөр жана жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн коркунучтарды азайтууга жардам бермекчи.



