Кытай космосто адамдын көбөйүүсүн изилдей баштады

Кытайдын «Тяньгун» орбиталык станциясында адамдын космосто көбөйүү мүмкүнчүлүгүн изилдеген дүйнөдөгү алгачкы эксперимент башталды.
«Тяньчжоу-10» жүк ташуучу кемеси орбитага өзөк клеткаларынан өстүрүлгөн эмбрион моделдерин жеткирди.
Бул түзүлүштөр уруктангандан кийинки 14–21-күндөрдөгү өнүгүүнүн алгачкы баскычын — келечектеги органдар калыптана баштаган мезгилди — окшоштурат. Долбоордун жетекчиси, профессор Юй Лецянь эксперименттин максаты салмаксыздыктын алгачкы эмбриондук өнүгүүгө тийгизген таасирин аныктоо экенин билдирди.
Анын айтымында, бул — адамдын космосто көбөйүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого илимий жооп издөөгө жасалган алгачкы аракет.
Эксперимент беш күндөн кийин аяктап, үлгүлөр тоңдурулуп, жердеги аналогдор менен салыштыруу үчүн Жерге кайтарылат.
Буга чейин космосто жаныбарлардын эмбриондору гана изилденип келген. Окумуштуулар микрогравитация алардын өнүгүүсүнө олуттуу таасир тийгизбегенин белгилешет.
Адистердин айтымында, алынган маалыматтар түйүлдүктүн алгачкы өнүгүү стадияларына байланышкан тубаса патологиялардын себептерин изилдөөгө да жардам бериши мүмкүн.



