Окуялар

Камчыбек Ташиевдин иши боюнча биринчи соттук отурум жабык эшик артында өтөт

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда бүгүн мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев боюнча кылмыш ишинин алдын ала угуусу өтөт.

Буга чейин Башкы прокуратура айыптоо актысын бекитип, иштин материалдарын сотко жөнөткөн.

Ага бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган.
Иш «Жашыруун» макамы менен жабык режимде каралат.

Тектеш кабарлар

Back to top button