
Садыр Жапаров курултайда иш жок деп миграцияга кетип жаткандарга кайрылды. Анын айтымында, былтыртан бери жумуш орундары көбөйдү, курулуш, тигүү тармагында иштейм дегендерге жумуш бар.
“Азыркы тапта 10 миңге жакын жумуш орундары бар. Курулушка коңшу өлкөлөрдөн келип иштеп жатышканын билесиздер. Өзүбүздүкүлөр башка мамлекетте жүрөт, 60-70 миң рубль алат экен. Бизде деле 70 миңден берип жатат, келгиле десек келбей жатышат”, — деди Жапаров.
Президент кийинки жылы иш орундары дагы көбөйөрүн айтып, миграцияга кеткендерди өлкөдө калууга чакырды.



