«Мен патриотмун». Чолпон-Атада армиянын кол кармашы боюнча эл аралык турнир өттү

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Газпром» спорт комплексинде өткөн турнир 1999-2021-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналды. Белгилүү болгондой, ар кандай мүнөздөгү кайгылуу окуялар көп болгон…

Армиянын жоокерлеринин мелдешине күч жана укук коргоо органдары катышты.
Анын ичинде КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү, тактап айтканда «Омега» атайын багыттагы отрядынан өкүлдөрү катышты. Алар укмуштуудай натыйжаларга жетишишти. Байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:
65 кг салмакта 1-орун, ички кызматтын капитаны Абдилманап кызы Бүбүсайра, “Омега” отрядынын инспектору;
3-орун 75 кг салмакта и/к прапорщиги Руслан Манасалиев, “Омега” нын жоокери;
3-орун 85 кг салмакта Акматбек уулу Эрлан, «Омега» жоокери;
3-орун 85 кг салмакта и/к сержанты Эрмек Кыдыбеков, «Омега»нын жоокери;
3-орун 90 кг салмакта улук прапорщик Билал уулу Эрлан, «Омега» жоокери.

Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Биздин кызматкерлерди жеңиши менен куттуктайбыз! – деп билдирди ЖАКтын басма сөз кызматынан.



