Араванда акысыз мобилдик клиника иштеп жатат

Араван районунда Normeca Health Management мобилдик мультидиагностикалык клиникасы калкка толук акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнү улантууда.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган мобилдик клиника үстүбүздөгү жылдын 9-мартынан бери райондо 7 625 бейтапты кабыл алып, 22 221 консультация жана 22 офтальмологиялык операция жасады.
«Бул демилге Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруусу менен ишке ашууда. Долбоор алыскы айылдар үчүн 5 жылга эсептелген жана курамында заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылган 8 трейлер жана жардамчы унаалар бар», — деп айтылат маалыматта.
Көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардын тизмеси:
Көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардын тизмеси:
- Дарыгерлердин кабыл алуусу: Үй-бүлөлүк дарыгер, кардиолог, стоматолог, ЛОР, офтальмолог, невролог, гинеколог, эндокринолог, хирург, гастроэнтеролог, уролог;
- Диагностика жана изилдөөлөр: Лаборатория, компьютердик томография, рентген, УЗИ, гастроскопия, колоноскопия, маммография;
- Чакан хирургиялык операциялар: Катаракта, грыжа, варикоз, фибромэктомия жана башкалар;
- Дары-дармек менен камсыздоо: Бейтаптарга 10 күнгө чейинки зарыл болгон дарылар акысыз берилет.
Мобилдик клиника Араван районунда 2026-жылдын 6-июнуна чейин иштейт, андан соң Нарын облусуна жөнөп кетүүсү пландалууда.
Эскерте кетсек, бул долбоор алгач 2021-жылдын ноябрь айында Кемин районунда башталган. Ошондон бери өлкө боюнча жалпы 167 миң 793 бейтап кабыл алынган.



