Окуялар

УКМК: К.Асанбектин кылмыштуу тобун каржылаган Азим Ройго издөө жарыяланды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Россия Федерациясынын жараны, К.Асанбектин өкүл атасы)   КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

Ал эми А.Рой К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталды. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Рой издөөгө алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет К.Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жатат “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган.

Муну менен катар Азим Рой менен К.Асанбектин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х. атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде К.Асанбек жашап келген.

Ошондой эле А.Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде К.Асанбектин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион АКШ долларын түзгөн дача үйгө ээлик кылган.   Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да А.Ройго таандык болгон.

 Учурда А.Ройго издөө жарыяланып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын 0312 66-04-75, 0312 62-65-04 телефондору аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button