Коом

Интернетте Кыргызстандын жарандыгы “под ключ” сатылып жатат. Бул тууралуу депутат Гуля Кожокулова айтты

“Мага мекендештер “Авито” сайтынын шилтемесин жөнөтүштү. Сайтта расмий катталган адам Кыргызстандын жарандыгын сатуу боюнча бардык кызматтарды көрсөтөрүн айткан. Биздин жарандыгыбыз сатылып жатат. Биздин атайын кызматтар кайда, Санариптештирүү министрлиги эмне кылып жатат? Мындан улам “биздин паспорттор бардык жерде жана бардык шартта сатылат” деген жаңжалдар көп. УКМК блогерлер менен эмес, биздин коопсуздук менен алектениши керек. Бул мамлекетибиздин имиджине доо кетирет. Сайтта Алтынбек Абдалиев деген катталуучу суроолорго 30 минут ичинде жооп берип, кызмат көрсөтүүдө”, — деди эл өкүлү. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button