Окуялар

Ширенкенин кутучасына каткан. Ысык-Көлдө ири өлчөмдө баңги затын сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, Ысык-Көл облусу боюнча КР ИИМдин «Шумкар» атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери менен бирдикте баңги заттарын ири өлчөмдө сатып өткөрүү менен алектенген топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын ыкчам иш чарасын ийгиликтүү турмушка ашыра алышты. Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Алып айтканда, декабрь айынын баш ченинде областтык ички иштер башкармалыгына, аймактын үч тургунуну, мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңги затын сактап жүрүшкөндүктөрү жөнүндө ыкчам маалымат түшөт.

Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, баңги заттарын мыйзамсыз өткөрүүнү көздөп жаткан жарандардын өздүктөрү аныкталат. Алар, Ак-Суу районундагы айылдарынын биринин тургундары 38 жаштагы К.А., 39 жаштагы Б.Т. жана 26 жаштагы Т.А. болуп чыгышат. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр баңги заттарын өткөрүү үчүн сатып алуучуларды издеп жатканын, же болбосо баңги заттарды автоунаага алмаштырууну көздөп жүрүшкөндөрү милиция кызматкерлерине белгилүү болот.         

Милициянын ыкчам кызматкерлери сатып алуучулар катары шектүүлөр менен кезигишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сүйлөшүүдө, шектүүлөр мыйзамсыз сактап жүрүшкөн баңги заттарын «Ниссан» жана «АУДИ-100» үлгүсүндөгү автоунааларга алмашууга макул болушат. 42 даана ширенке кутучасына салынган баңги заттарын өткөрүп жаткан жеринен, кылмышка шектүү болгон жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышат. Андан тышкары, 39 жаштагы Б.Т. үйүн санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынат.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган далил заттар гашиш жана марихуана түрүндөгү баңги затына таандык экени аныкталып, гашиштин жалпы салмагы 658 граммды түзсө, марихуананын жалпы салмагы 239 граммды түздү. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандарга карата Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button