Коом

Лейлекте үч эм төрөлдү

Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө үч эм наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 26-май күнү Көк-Таш айылынын тургуну Кенжебаева Назира үч уулду жарыкка алып келди. Төрөт операциялык жол (кесарево кесилиши) менен ийгиликтүү өткөрүлгөн.

Учурда эненин жана наристелердин абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

“Үч эмдердин төрөлүшү аталган район үчүн кубанычтуу жана сейрек кездешүүчү окуялардын бири”- деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button