Коом

Бишкек мэриясы жер тилкелерин максатсыз пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтөт

Бишкек мэриясы жер тилкелерин максаттуу багытына ылайык пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүүдө. Тиешелүү токтом жеке турак жай курууга жана турак жай курулушуна берилген жерлерди коммерциялык максатта пайдалануу учурларын токтотуу үчүн кабыл алынды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы жылдары мындай жерлерде автоунаа сатуу аянтчалары, көргөзмө комплекстери жана башка коммерциялык объектилер көбөйгөн. Бул объектилер жер тилкесинин уруксат берилген багытына туура келбейт.

Мэриянын айтымында, мындай көрүнүштөр турак жай кварталдарындагы жолдорго жана инженердик инфраструктурага кошумча жүк түшүрүп, жашоочулардын жашоо шарттарын начарлатат жана шаардык жерлердин натыйжалуу пайдаланылышына тоскоол болот.

Жаңы токтомдун алкагында райондук администрациялар жер тилкелерин инвентаризациялап, алардын максаттуу багыты бузулуп пайдаланылып жаткан учурларды аныктайт.Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.

Бийлик өкүлдөрү жер ээлери, ижарачылар жана пайдалануучулар жер тилкелерин белгиленген максаты боюнча гана колдонууга милдеттүү экенин эскертишти. Ошондой эле коммерциялык иш жүргүзүүдө объектилерди талаптагыдай кармоо жана шаардын көркүн сактоо боюнча талаптарды аткаруу зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button