Коом

COVID-19: Кыргызстанда коронавирустун «Дельта» штаммы аныкталган жок

Кыргызстанда май айында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын арасында COVID-19дун «Дельта» штаммы аныкталган жок, анализ Россиядагы лабораторияда жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, анализдердин жыйынтыгына ылайык 85% британдык штамм жана 14% түштүк-африка штаммы аныкталган.

Эскерте кетсек, үлгүлөр Новосибирск шаарындагы (РФ) лабораторияга жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button