Коом
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы маалымдады. Жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-12-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
Горький көчөсү, Кара-Көл көчөсү, Медеров көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Малдыбаев көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухэ Батор көчөсү, Н. Жетикашкаева көчөсү, Каралаев көчөсү, Кара Дарыя көчөсү.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.



