Коом

Кызыл-Кыяда балдар мушташып, 4 бала жаракат алды

Баткен облустук милициянын маалыматы боюнча, окуя 23-ноябрь күнү саат 23.30 чамасында болгон. Анда Ноокат районунун Кулатов айылынын 17 жаштагы 4 тургунун бейтааныш балдар уруп жабыркатышкан.  

«Бейбаштык» беренесинин негизинде сотко чейинки тергөө башталып, жашы жете электерди уруп-сабаган деген 12 бала кармалган. Алар Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары болгон.

Балдар ата-энесинин катышуусунда суракка алынып, учурда иликтөө иштери уланып жатканын облустук милициядан кошумчалашты.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button