Марлен Маматалиев Казакстанда Ерлан Кошанов менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Ерлан Кошанов менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар боордош эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча пикир алмашылып, суу менен камсыздоо, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун учурдагы абалы каралды. Мындан сырткары, Алматыдан Ысык-Көлгө чейинки туристтик жөө маршрутту өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Марлен Маматалиев бул долбоордун маанисин белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туристтик байланыштар активдүү өнүгүп жатканын айтты. Ал мисал катары май майрамдарындагы эс алуу күндөрүндө эле Казакстанга 10 миңге жакын кыргызстандык барганын, ал эми жай мезгилинде Ысык-Көлгө келген казакстандык эс алуучулардын саны кыйла көбөйөрүн белгиледи.
«Туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыруу үчүн жарандардын тоскоолдуксуз каттамын камсыз кылуу зарыл. Боордош элдер бири-бирине эркин барып-келип, мамлекеттик чек арадан эч кандай кыйынчылыксыз өтө алышы керек», — деди Марлен Маматалиев.
Ушуга байланыштуу тараптар чек ара өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу, аларды заманбап талаптарга ылайык жаңылоо жана коопсуз транспорттук каттамдарды камсыздоо маселелерин да талкуулашты.



