Коом
Өлкөдө орточо айлык маянасы 42 миң сомдон ашты

Кыргызстанда 2025-жылдын январь–август айларында орточо айлык эмгеги 42 648 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 19,6%га жогорулаган.
Эң көп өсүш төмөнкү тармактарда байкалган:
-кыймылсыз мүлк жана курулуш;
-саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө;
-маалымат, байланыш жана IT;
-финансылык кызматтар;
-мамлекеттик башкаруу жана коргонуу;
-мейманканалар жана ресторандар;
-тоо-кен тармагы.
Эксперттердин айтымында, өсүшкө экономикалык жандануудан тышкары инфляция да таасир этүүдө.



