Коом
Бажы төлөмдөрү 2019-жылдан бери 3,3 эсеге көбөйүп, 8 айда 88 миллиард сомго жетти

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын сегиз айында 88 миллиард сом бажы алымдарын чогултту, деп маалымат беришти.
Белгиленген план 86 млрд сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд сом жыйналып, аткарылганы 102,4%ды түздү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 7,7 млрд сомго (80,3 млрддан 88 млрдга чейин) көбөйүп, өсүү темпи 109,6% түздү.
«Жетишкен натыйжаларды камсыз кылган негизги фактор санариптик технологияларды артыкчылыктуу киргизүү болду», — деп түшүндүрдү Мамлекеттик бажы кызматы.



