Коом
«Азия» гипермаркетине айып пул салынды

КР Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Бишкектеги “Азия” гипермаркетинин эт павильонуна текшерүү жүргүзүштү.
Ведомстводон билдиришкендей, мониторинг уй жана козу этинин баасын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Натыйжада инспекторлор жөнгө салынуучу баанын жогорулатылган учурларын аныкташкан.
«Ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 290-беренесин бузгандыгы үчүн 13 миң сом административдик айып салынды», — деп билдирди Монополияга каршы кызматкер.




