Президент: Жетим-Тоону иштетүүгө 9 миллиард доллар керек

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров мамлекет Жетим-Тоо темир кенин өз күчү менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Жетим-Тоо тууралуу маселени жергиликтүү тургун Бейшен Момуналиев көтөрдү. Ал өлкөдө курулуш тармагы тездик менен өсүп жаткан шартта Жетим-Тоону мүмкүн болушунча эртерээк ишке киргизүү өтө актуалдуу экенин айтты.
«Турдакун Усубалиев Жетим-Тоону иштетүү боюнча кыялын ишке ашыра албай дүйнөдөн өттү. Бул кенде 10 миллиард тонна байлык жатат. Ошол эле учурда өлкөдө курулуш тармагы өсүп жатат, курулуштарга көп металл керектелүүдө. Мисалы, “Жаштык Арена” курулушуна эле 15 миң тонна металл кеткен. Биз болсо Россиядан миллиондогон тонна темир сатып алып жатабыз. Турдакун Усубалиевдин осуятын аткарып, Жетим-Тоо кенин иштетүүнү баштоону суранам», — деди ал мамлекет башчысына кайрылып.
Президент мамлекет Жетим-Тоону Кумтөр сыяктуу эле 100 пайыз өз алдынча иштетүүнү пландап жатканын белгиледи. Бирок бул долбоор абдан чоң каржылык салымдарды талап кылат.
«Ал жерде сөзсүз завод куруу керек. Биз жөн гана чийки затты сатып жибербешибиз керек. Бул үчүн болжол менен 9 миллиард доллар талап кылынат. Бирок долбоор ишке кирсе, 5–10 жылдын ичинде өзүн толук актайт. Азыр биз ошол каражаттарды табуунун үстүндө иштеп жатабыз. Эгер күчүбүз жетсе, өзүбүз эле ишке ашырабыз. Эгер жетпесе, инвесторлор менен үлүштүк негизде — 30/70 же 60/40 форматында биргелешип иштейбиз», — деди Садыр Жапаров.
Президент буга чейин билдиргендей, учурда Жетим-Тоодогу темир кенинин запасы 5 миллиард тоннадан ашат. Акчалай эсептегенде бул кен байлыгынын наркы болжол менен 50 миллиард долларга бааланат.


