Өлкөдө картошка өстүрүүчүлөр Талаа күнүн белгилешет

6-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Кыргызстандын картошка өстүрүүчүлөрү Талаа күнүн белгилейт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Картофель” кластеринин төрайымы Кайыркүл Казылаева менен жолукканда маалым болду.
Маалыматка ылайык, жолугушууда картошка тармагын мындан ары өнүктүрүү, өндүрүштү, сактоону, кайра иштетүүнү жана продукцияны рынокко чыгаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Кластердик бирикменин өкүлдөрү картошка тармагындагы заманбап инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду тааныштырышты. Долбоор тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртууга жана кошумча наркты арттырууга багытталган.
Эрлист Акунбеков картошка тармагын өнүктүрүүдө комплекстүү мамиле зарыл экенин белгилеп, райондук кластерлерди түзүп, аларды аймактык деңгээлде бириктирүүнүн маанисине токтолду. Бул өз кезегинде өндүрүштөн тартып кайра иштетүүгө жана сатууга чейинки бирдиктүү чынжырды түзүүгө жана экспорттук потенциалды арттырууга шарт түзөт.



