Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр

Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышкысы келет. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин Ташкент шаарындагы жолугушуусунан кийин өзбек лидеринин маалымат катчысы кабарлады.
«Тараптар Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстардын рационалдуу колдонулушуна кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилешти. Бул тармакта узак убакытка жана туруктуу кызматташуу боюнча макулдашуулар болду. Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушу тапта Өзбекстанда мамлпекеттик сапар менен жүрөт. Анын алкагында соода жүгүртүү көлөмүн, биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүү, Кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу сыяктуу маселелер талкууланы.



