Коом

Кыргызстандан Россияга колбаса көп экспорттолду

Кыргызстандан Россияга колбаса продукциясынын экспорту кескин көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматта айтылгандай, быйыл январь-апрель айларында Россияга 85,2 тонна колбаса экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги 13,7 тоннага салыштырмалуу дээрлик 6 эсеге көп.

Кыргызстандын колбаса продукциясына ЕАЭБдин дагы бир өлкөсү — Казакстанда да суроо-талап жогору. Ал жакка 106 тоннадан ашык продукция жөнөтүлгөн.

Экспорттун өсүшү кыргыз тамак-аш өнөр жайынын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулап жатканын көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button