Окуялар
Алдамчылыкка айыпталган жаран АКШдан экстрадицияланды

Алдамчылыкка айыпталган жаран АКШдан Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн, алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Кыргызстанга алынып келинип, тергөө абагына киргизилди.»
А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген»,-деп айтылат маалыматта.



