Коом
ӨКМ: Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ 7–8-июлга карата шашылыш эскертүү таратты.
Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, 7-июлдун түштөн кийинки бөлүгүндө жана 8-июль күнү абанын жогорку температурасы менен күтүлүп жаткан жергиликтүү нөшөрлүү жаандын кесепетинен республиканын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү болжолдонууда.ӨКМ жарандарды жана туристтерди этият болууга, мүмкүн болсо капчыгайларда жана дарыя жээктеринде эс алуудан баш тартууга, ошондой эле тоолуу аймактарга сапарга чыкканда аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырды.



