Коом
8-июлга карата аба ырайы

Бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромед билдирди.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19… +21, күндүз +33… +35 градус ысыйт.
Аймактарда абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16.. +21, күндүз +31 … +36;
Талас жергесинде түнкүсүн +10… +15, күндүз +29… +34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18… +23, күндүз +31… +36;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +14… +19, күндүз +21 … +26;
Нарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +23… +28 градус болот.



