Кышында электр жарыгын өчүрүү болбойт

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын график боюнча (веердик) өчүрүү болбойт. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлүп, учурдагы пландарга ылайык электр жарыгын пландуу өчүрүү каралган эмес.
Ошол эле учурда министр авариялык өчүрүүлөр техникалык себептерден улам болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай учурлардан эч ким толук камсыздандырылган эмес, анткени жаңы техникаларда да күтүлбөгөн мүчүлүштүктөр чыгышы мүмкүн.
Кыш мезгилинде энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп, авариялык бригадалар атайын техника жана керектүү запастык бөлүктөр менен камсыздалат. Министр аварияларды ыкчам жоюп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого аракет көрүлөрүн кошумчалады



