Коом

Билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча бирдиктүү колл-борбор иштеп жатат

Илим, билим берүү жана инновация министрлиги абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча бирдиктүү колл-борбор иштеп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 110 кыска номери аркылуу ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу боюнча бардык суроолорго акысыз жооп алууга болот.

Колл-борбордун адистери абитуриенттерге кабыл алуу жараяны, тандоо турлары, окууга кабыл алуу, билим берүү программасын тандоо жана башка тиешелүү маселелер боюнча кеңеш беришет.

110 кыска номерине чалуу акысыз жүргүзүлөт.

Бирдиктүү колл-борбор 31-августка чейин иштейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button