Коом

Кыргызстан менен Түштүк Корея интеллектуалдык менчик тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Женева шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна (БИМУ) мүчө мамлекеттердин Ассамблеясынын 68-сериядагы жыйынынын алкагында Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Түштүк Кореянын интеллектуалдык менчик министри Ким Ён Сон менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар интеллектуалдык менчик, илим, инновациялар жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу багыттарында кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Кореянын ойлоп табууларды жайылтуу ассоциациясынын (KIPA) колдоосу менен ишке ашырылган биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын жогору баалашты.

Мындан тышкары, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелердин ишке ашырылышы каралды.

Өзгөчө көңүл интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу, университеттерде интеллектуалдык менчикти башкаруу, бул тармакты санариптик трансформациялоо, экспертиза жүргүзүүдө жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерине бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар министрликтер ортосунда ар тараптуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюуга даяр экенин билдиришти. Бул документ жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кыргыз-корей өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө негиз болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button