Бишкекте 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу буга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

Бишкекте 9 жаштагы баланы өлүмгө алып келген жол кырсыгына шектелген муниципалдык автобустун айдоочусу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочуну күбөлүгүнөн ажыратуу чечими ушул жылдын январь айынын аягында кабыл алынган. Бирок анын кандайча муниципалдык автобусту айдоону улантканы азырынча такталган эмес.
Эске салсак, кырсык бүгүн эртең менен Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Түштүк тарапты көздөй бара жаткан автобус оңго бурулуп жатып 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Оор жаракат алган бала ооруканада каза болгон.
Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү («Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.



