Окуялар

Ат-Башыда балыкты ток менен уулаган чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылды

Нарын облусунун аймагында жаратылыш мыйзамдарын бузган Кытай Эл Республикасынын жарандары өлкөдөн чыгарылды.

Белгилей кетсек, интернетте Арпа өрөөнүндө чет өлкөлүктөр мыйзамсыз балык уулап жаткандыгы тартылган видео тараган. Бул боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дароо текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында видеодогу жарандардын өздүгү такталган. Шектүүлөр изин жашыруу максатында автоунаасынын капталындагы жазууларын сыйрып, мамлекеттик номерин алып салышкандыгы аныкталган. Натыйжада унаа айып короосуна токтотулуп, чет өлкөлүктөр Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөөгө чейинки иш-чаралардын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган Кытай жарандарынын иш-аракеттерине укуктук баа берилип, айып пул салынып, алар Кыргызстандын аймагынан чыгарылышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button