Окуялар

Ноокен районунда селден жабыркаган айрым үйлөр мыйзамсыз курулган

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда барып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеке көзөмөлдөп, координациялоодо.

Министрликтен маалымдашкандай, ӨКМдин жетекчилиги алдында кырсык болгон жерде бардык тартылган кызматтардын өз ара ыкчам иш алып баруусу камсыздалууда. Калыбына келтирүү, аймактарды тазалоо, инфраструктураны калыбына келтирүү жана калкка жардам көрсөтүү иштери сутка бою үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Канатбек Чыныбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жумушчу кеңешмелерди өткөрүп, кырсыктын кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууда.

«Жабыркаган турак жайлардын бир бөлүгү кооптуу аймактарда — дарыялардын нуктарында жана суу коргоо тилкелеринде мыйзамсыз курулган. Мындай жайгашуу сел жүргөн учурда үйлөрдүн талкаланышына башкы себептердин бири болгон»,- деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button