Коом

Ноокатта дыйкандарга жеңилдетилген баада дизелдик күйүүчү май берилүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Райондук акимчиликтен алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата район боюнча 1 700 гектар жер аянтындагы дан эгиндери жыйналды.

Орточо түшүмдүүлүк :буудай — гектарына 32,2 центнерден;

арпа — гектарына 27 центнерден айланууда.

Талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында бүткөрүү үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүүдө.

Учурда мамлекет тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген баада — литри 81 сомдон дизелдик күйүүчү май берилүүдө.

Белгиленгендей, оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 36 даана комбайн тартылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button