Коом

20-июлдан тартып Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилиши убактылуу жабылат

20-июлдан тартып жаңы транспорттук жол жана көпүрөнү куруунун экинчи этабынын алкагында Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши бардык транспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабында Бакаев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ачылган.

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button