Бишкекте автобус сүзгөн баланын өлүмүнөн кийин автобус паркынын механиктери жоопко тартылды

№34 автобустун катышуусундагы адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автобус паркында текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө линияга чыгар алдында автобустардын техникалык абалын, айдоочулардын күбөлүктөрүн жана жол баракчаларын милдеттүү түрдө текшериши керек болгон механиктер өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы аныкталды. Алар текшерүүнүн ордуна жөн гана мөөр басып, автобустарды каттамга чыгарып келишкен.
Натыйжада эки механикке карата административдик протокол түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле патрулдук милиция кызматкерлери автобус айдоочулары менен жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын айдоочулук күбөлүктөрүн кайрадан текшеришти.
Эске салсак, 13-июль күнү эртең менен Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде №34 автобус 10 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бала алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.
Кийинчерээк автобустун айдоочусу, 1977-жылы туулган М.Б., кармалган. Текшерүүдө анын 2026-жылдын 26-январында мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы белгилүү болду.



